25-январга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 25-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаа ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл.
25-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-11, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндуз -2…-7.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14°, күндүз 4…6° суук болот.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ: Путин менен Трамптын сүйлөшүүлөрүн колдойбуз

БУУнун Башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдоорун билдирди. Ал Москва менен Вашингтон диалог издөөнү улантат деген үмүтүн айтты. «Биз Америка Кошмо Штаттары менен Россия Федерациясынын жетекчилигинин бардык сүйлөшүүлөрүн колдойбуз»,-деди Хак маалымат жыйыны учурунда. 23-январда Дональд […]

You May Like