23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар мол жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…-9
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -8…-13
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүз -5…-7° суук болот.
Лос-Анжелестин 50 миңден ашуун тургунуна кайра өрт чыкканы эскертилди
Бей Янв 23 , 2025
Лос-Анжелес шаарынын түндүк тарабында жаңы токой өртү чыгып, 20 чарчы чакырымдан ашуун аймакты каптады. 50 миңден ашуун адамга эвакуация буйругу жана эскертүүлөр берилди. «Өрт 22-январь күнү эртең менен чыккан. Бир нече сааттын ичинде жалын 39 чарчы чакырым аймакты талкалап, токтобой жайылып жатат. Куткаруучулар аны токтотууга чоң аракеттерди жасап жатышат»,-деди Калифорниянын […]
