22-январга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…2° жылуу болушу күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров дин тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дин боюнча мыйзамга кол койгонун билдирди. Өлкө башчысы бул мыйзамды каршы пикир менен кайтарууну суранган, динди катуу карманган жарандар дагы, ошол эле мезгилде кол коюлуп күчүнө киргизишин суранган, светтик көз караштагы жарандар да бар экенин белгиледи. “Светтик көз караштагы жарандарыбыз дагы Кыргызстанда динди […]

You May Like