Синоптиктердин маалыматына ылайык, 21-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.
АКШнын 47-президентинин инаугурациясы кандай өтөт?
Дүй Янв 20 , 2025
Дональд Трамп Ак сарайга кайтууга даярданууда. Республикачыл лидер дем алыш күндөрүн Вашингтондо өткөрүп, бир катар иш-чараларга катышты. Бирок инаугурациянын жүрүшү пландан тышкары болуп калды. Капитолийдин алдында ант берүү аземин көрүү үчүн 250 миң киши билет алган. Бирок Вашингтондо суук түшкөндүктөн жаңы президент тегерек залда ант берүү чечимин кабыл алды. Колдоочуларга […]
