Келерки жумада Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Казакстанга президент Токаевдин чакыруусу менен келет.
Ак-Ордонун басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай мамлекет башчысы Казакстанга 16-17-июнь күндөрү расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында эки тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтүп, анда казак-кытай кеңири стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, 17-июнда Астанада Борбордук Азия – Кытай экинчи саммити өтөт. Ага бул аймактагы мамлекеттердин башчылары катышат.
