Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында өтүп жаткан беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Биринчи бөлүктө атаандаштар кыргыз курамасынын дарбазасына топ киргизип 1:0 менен тыныгууга чыгышкан. Ал эми 2-бөлүктө «Ак шумкарлар» эсепти теңеп үлгүрүштү.
Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ага миңдеген күйөрмандар келип «Ак шумкарлага» колдоо көрсөтүшүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин 5-июнда болгон Кыргызстан Түндүк Корея беттешинде эсеп 2:2 менен аяктап, кыргыз курамасы тандоонун кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгүн алган.