Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев 9-июлга чейин камакта калды. Мындай чечимди Талас шаардык соту кабыл алган.
Ал 2005-2010-жылдары Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурда
коррупция кылган деп шектелүүдө.
Өткөн жума укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган эле.
Кенжебек Бөкөев 2010-жылы Республика, 2015-2021-жылдары “Республика-Ата-Журт” партиясынан ЖК депутаты болгон