Исхак Масалиев жолдордун абалына кейиди

Исхак Масалиев жолдордун абалына кейиди

“Аба майданы жактагы эркин экономикалык аймагынын жолдору талкаланып турат. Транспорт министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясы жолду талашып келишкен. Бирок, ал Бишкек шаарынын карамагына кирген. Алар кат аркылуу мага  3 чакырымы оңдоп-түзөө боюнча тизмеге киргизилгенин айтышууда. Ушул жолду бүткөрүп коюш керек”,- деп өтүндү депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетинен.

Ал жерде көп конуштуу айылдар бар экенин, айрыкча, ал жер мамлекеттик алтернативдик трасса деп аталаарын эскертип, “сапаттуу, заманбап жолдорду курушубуз керек. Биз заманбап имараттарды куруудабыз. Бул абдан жакшы нерсе. Бирок, Бишкектин айрым жерлеринде жолдор дале советтик доордон бери талкаланган абалда турат”,- деди депутат.