Аэропортто активистти палестин желектерин көтөргөн көптөгөн адамдар «Палестинага даңк!» деген ураан менен тосуп алышты. Грета Тунберг өзү бул сапар тууралуу айткандарында Madleen кемесиндеги жүргүнчүлөр бардык тобокелчиликтерди аңдап түшүнүшкөнүн билдирди.
Madleen кемеси («Эркиндик флотилиясы» коалициясына таандык) 1-июнда Сицилиядан Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн сапар алган. Жүктүн курамында балдар тамактары, жалаяктар, ун, күрүч, суу тазалоочу фильтрлер, гигиена каражаттары жана медициналык жабдуулар болгон. Грета Тунберг менен бирге кемеде Франция менен Швециянын жарандары жүргөн.
Кеме Израилдин аскер-деңиз күчтөрү тарабынан токтотулган. Израил бийлиги бул аракетти дүйнө коомчулугунда Израилге каршы маанай жараткан аракет катары баалады.
