Жакынкы 3 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал.
ӨКМдин маалыматы боюнча, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы күтүлөт.
«Мындай учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.