АКШ-Россия сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы Москвада өтөбү?

АКШ-Россия сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы Москвада өтөбү?

АКШдагы РФтин жаңы элчиси Александр Дарчиев эки өлкөнүн ортосундагы үчүнчү сүйлөшүү айлампасы Москвада өтөрүн билдирди.
Анын айтымында, РФ менен АКШ эки тараптуу дипломатиялык мамилелердеги «тоскоолдуктарды» жоюу боюнча кеңешүүлөрдү Стамбулдан өз борборлорго Москвага жана Вашингтонго которуу тууралуу алдын ала чечимге келишкен.
Жакын арада делегациялар Москвада жолугушат.
Мурунку сүйлөшүүлөр Стамбулда 27-февралда жана 10-апрелде өткөн.
Дипломаттын айтымында, Россия менен АКШнын мамилеси толук калыбына келиши үчүн али көп убакыт керек.