Шашылыш билдирүү. Тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү. Тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

11-июндан 13-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министрлик бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар жана ар кандай өзгөчө кырдаалдар болгон учурда дароо 112 кызматына кайрылууга чакырат.