Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Армениянын Ераван шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орун алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Эркектер арасында +98 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча Таласбек Нуралиев күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле Саяк Бараканов (64 кг) жана Курманбек Замирбек уулу (79 кг) күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмак категориясында Акак Үсөн кызы күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.