Россиялык дрондор Киев менен Одессаны аткылады

Россиялык дрондор Киев менен Одессаны аткылады

2025-жылдын 10-июнуна караган түнү Россиянын аскерлери Киев шаарына дрондор менен чабуул жасашканын Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.
Киев мэри Виталий Кличконун айтымында, түнкү чабуулдан төрт адам жабыркаган. Алардын бардыгы ооруканага жеткирилген.
Киевдин жети районунда ар кандай зыяндар катталган. Киев облусунун администрациясы билдиргендей, Дарница, Оболонь жана Шевченко райондорунда турак жайлар жабыркаган. Дарница районунда дрондун сыныктарынын кулашынан турак үй кыйрап, имараттарда өрт чыккан, кампалар күйгөн.
Ошол түнү россиялык дрондор Одессага да чабуул жасашкан. Облустук администрация башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, шаар борборундагы бир нече турак жай үйлөр бузулуп, Өзгөчө медициналык жардам көрсөтүү станциясынын административдик имараты толугу менен кыйраган.
Одесса облусунун прокуратурасы маалымдагандай, шаарга ондон ашуун дрон чабуул койгон. Натыйжада эки адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алган.
«Турак жайлар, төрөт үйү, тез жардам станциясы, жеке менчик медициналык клиника, спорт комплекси, зоопарк, темир жол вокзалынын имараты жана автоунаалар жабыркады»,-деп айтылат билдирүүдө.
Украинанын Башкы штабы билдиргендей, 10-июнга караган түнү Россиялык аскерлер Украинага 7 ракета жана 315 дрон менен чабуул жасашкан.