Россияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу токтоду

Россияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу токтоду

Россияда мигрант балдарды мектепке кабыл алуу дээрлик токтоду. 1-апрелден баштап алар орус тилинен тест тапшырууга милдеттүү. Бирок акыркы эки айда арыз берген 2868 баланын болгону 4 пайызы гана мектепке кабыл алынган. Көпчүлүгү документтердеги каталардан жана жалган маалыматтардан улам тестке да жиберилген эмес.
Спикер Володин жаңы мыйзам долбоору караларын билдирди. Ал боюнча мектептер мигрант балдардын жана ата-энелеринин маалыматтарын ИИМге берүүгө милдеттүү болот. Бул алардын Россияда мыйзамдуу жүргөн-жүрбөгөнүн көзөмөлдөөгө багытталган.
Мугалимдер тесттерди өтө оор деп сыпатташууда. Бул чаралар мигрант балдардын санын мектептерде азайтуу максатын көздөшү мүмкүн. 2021-жылы Россия мектептеринде 140 миң чет элдик бала окуган.