Россия ар дайым башка өлкөлөргө биологиялык коркунучтарга жана жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүүдө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин «Биологиялык коопсуздуктун глобалдык коркунучтары. Маселелер жана чечимдер» аттуу конференциянын катышуучуларына жана уюштуруучуларына кайрылуусунда билдирди.
Президент эл аралык кызматташтык биокоркунучтарга каршы күрөшүү тармагында бардык мамлекеттердин эгемендүүлүгүн урматтоо жана тең укуктуулук принциптерин кынтыксыз сактоо менен жүргүзүлүшү керек экенин баса белгиледи.
Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча V эл аралык конференцияны Роспотребнадзор уюштурган жана ал 10-11-июнь күндөрү Сочиде өтүүдө.
