Австриянын Грац шаарындагы мектептердин биринде болгон атышууда беш адам каза болду. Кол салган киши жок кылынды.
Kronen Zeitung гезиттинин маалыматына караганда, ок атылганы угулган соң, таң эрте окуя болгон жерге полиция келди. Операцияга бир нече полиция бөлүмү тартылган.
Австриянын ORF мамлекеттик телерадиокомпаниясы жергиликтүү полицияга шилтеме берип, атышууга шектүү катары мектеп окуучуларынын бири көрсөтүлүп жатканын билдирди.
