Учурдагы бийликтин миграциялык саясатына каршы чыккандар Лос-Анжелесте дүкөндөрдү талкалап жатышканы кабарланды.
Полиция желим ок, үнү катуу чыккан куралдарды пайдаланып чогулгандардын тараткан. Бирок кайрадан ири топ чогулуп, башаламандыктар жана талап-тоноо башталды. Беткап кийген жаштардан турган топ дүкөндөрдүн эшигин талкалап, ичкери киришти. Активисттер дубалдарды, тротуарларды, жолдорду, эстеликтерди, колуна тийген нерселердин баарын боёп жатышат.
7-июнда АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы Лос-Анжелестин борборунда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейд өткөргөн. Ал нааразычылык акциясына чыккандар менен кагылышууга алып келди. Ошол эле күнү Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом федералдык өкмөт тарабынан каржылоонун кескин кыскаруу коркунучуна жооп кылып, штат федералдык салык төлөөдөн баш тартышы мүмкүн экенин эскертти. 8-июнда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тараптан берилген билдирүүдө, нааразычылыктардын шартында шаарга 2 миң улуттук гвардиячылар киргизиле турганын маалымдады.
