Калифорниянын губернатору Трампты сотко берди

Калифорниянын губернатору Трампты сотко берди

Калифорния штаты жана губернатор Гэвин Ньюсом АКШнын президенти Дональд Трампка, Пентагонго жана коргоо министри Пит Хегсетке каршы сотко доо арыз беришти. Штаттын бийлиги Улуттук гвардияны Лос-Анджелеске нааразылык акцияларын басуу үчүн жөнөтүү тууралуу чечим АКШнын Конституциясына каршы келерин белгилешет.
«Мамлекетти эл башкарууга тийиш, мыйзам үстөмдүгү жана жарандык бийлик болушу керек. Бул принциптерди негиздөөчүлөр биздин Конституцияга киргизишкен. Биз аскердик башкарууга каршыбыз»,-деп жазды Гэвин Ньюсом X социалдык тармагында.
Лос-Анджелесте Ак үйдүн миграциялык саясатына каршы нааразылык акциялары өтүүдө. Акциялар башаламандык менен коштолууда. 8-июнда Дональд Трамп штатка 2 миң Улуттук гвардия кызматкерин киргизген. 9-июнда Пентагон Лос-Анджелеске 700 деңиз жөө аскерлерди  жөнөтөрүн жарыялады.