АКШнын президенти Дональд Трамп швед экологиялык активисти Грета Тунбергге «ачууну башкаруу» курсуна барууну сунуштады.
Ак үйдө өткөн брифинг учурунда журналисттер Трамптан Грета Тунберг тууралуу Израилдин премьер-министри менен сүйлөшкөнүн сурашты.
«Ал (Тунберг) өзгөчө адам. Жаш жана ачуулуу. Бул чыныгы ачуубу же жасалмабы – аны билүү кыйын. Менин ага башкы кеңешим ачууну башкаруу курсуна баруу»,-деп жооп берди Трамп.
Гретанын «Израиль мени уурдап кетти» деген билдирүүсүнө комментарий берген Трамп «Израилдин ансыз деле көйгөйлөрү жетиштүү»,-деди.
Грета Тунберг 11 активист менен бирге Madleen аттуу кемеде Газа тилкесине жетүүнү пландаган. Июнь айынын башында алар Сицилиядан чыгып кетишкен. Команда Газага балдар тамагы, ун, күрүч, памперс, гигиеналык каражаттар жана сууну тазалоочу жабдуулардан турган гуманитардык жардам жеткирүүнү көздөгөн.
