Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 10-июнда Өзбекстандын Ташкент шаарына иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында минкаб башчысы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат. Ошондой эле бир катар объектилерди көрүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.