БУУ: Ата-эне болууга каржылык жана социалдык тоскоолдуктар жолтоо болууда

БУУ: Ата-эне болууга каржылык жана социалдык тоскоолдуктар жолтоо болууда

Төрөттүн дүйнөлүк деңгээлде төмөндөшү жаштардын ата-эне болуудан баш тартуусу же алардын артыкчылыктарынын өзгөрүшү эмес, бир катар экономикалык жана социалдык тоскоолдуктар, анын ичинде коомчулуктун басымы менен түшүндүрүлөт.
Бул тууралуу БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) жарыялаган жаңы баяндамада айтылат.
Бул баяндама дүйнө калкынын 37 пайызын түзгөн 14 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде даярдалган.
“Төрөттүн төмөндөшүнүн негизги себеби экономикалык кыйынчылыктар болуп эсептелет. Мындай пикирди респонденттердин 39 пайызы билдиришкен. Андан тышкары, 21 пайызы туруктуу жумуштун жоктугун, 19 пайызы  келечектен коркууну көрсөтүшкөн. Ошондой эле сурамжылоого катышкандар үйдөгү милдеттердин тең бөлүштүрүлбөшү жана коомчулуктун басымы сыяктуу факторлорду да аташты”,-деп айтылат фонддун баяндамасында.
Фонд чыныгы тоскоолдуктарды жоюу үчүн жеткиликтүү турак жайга, татыктуу жумушка, акы төлөнүүчү төрөт өргүүсүнө жана репродуктивдик ден соолук кызматтарына инвестиция салууну сунуштайт.
Мындан тышкары, БУУнун фонду өкмөттөрдү эмгекке жөндөмдүү калктын азайышы шартында миграция сыяктуу маанилүү куралды натыйжалуу пайдаланууга чакырат.