Бейтаптар үчүн бөйрөктү алмаштыруунун тартиби бекитилди

Бейтаптар үчүн бөйрөктү алмаштыруунун тартиби бекитилди

Министрлер Кабинети 5- стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу максатын көздөп, токтом кабыл алды.

Ага ылайык, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилип, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси аныкталды. Эми бөйрөк алмаштыруу операциялары Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбордо жүргүзүлмөкчү.

“Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат жана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат”,- делет өкмөттүн маалымат сайтында.