Renault Украина үчүн дрон чыгарат

Renault Украина үчүн дрон чыгарат

Франциялык Renault автоконцерни Украина үчүн учкучсуз аппараттарды чыгара баштайт. Өндүрүш фронтко жакын жерде жайгашкан ишканалар менен биргеликте уюштурулат.
Өзүнүн пресс-релизинде автоконцерн өкмөт менен байланыш болгонун тастыктап, бирок азыркы этапта чечим дагы кабыл алына электигин билдирди.
Атын атабаган француз автоконцерни Украинада учкучсуз аппараттарды чыгарарын 6-июнда Франциянын коргоо министри Себастьен Лекорню жарыялады.
Франциянын коргоо министри бул өнөктөштүктү пайдалуу деп атады. Дрондор украин армиясы үчүн чыгарылат. Бирок француз аскерлери да аларды даярдык үчүн колдонот.