Польшанын жаңы шайланган президенти Кароль Навроцкий Украина Евробиримдикке кошулушуна каршы экенин билдирип, бул европалык мамлекеттердин экономикасы менен айыл чарбасына зыян алып келерин айтты.
Ал Украинага геосаясий жактан колдоо көрсөтүү керектигин белгилеп, бирок Польша менен башка өлкөлөрдүн да өз кызыкчылыктары бар экенин эскертти.
