Криштиану Роналду карьерасынын аякташы тууралуу үн катты

Криштиану Роналду карьерасынын аякташы тууралуу үн катты

Португалиялык жылдыз чабуулчу Криштиану Роналду карьерасын жыйынтыктоо боюнча суроого жооп берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

40 жаштагы чабуулчунун айтымында, ал бут кийимин качан илип кетерин чече элек. Роналду футболдон ырахат алгандан кийин гана карьерасын аяктайт.

“Карьерам бүтөт? Менде ойной турган көп жылдарым  жок… бирок мен ушул учурдан ырахат алуудамын. Карьерамдын аякташ датасы аныктала элек. Мен өзүмдү бактылуу сезем. Мен бул жерде ырахаттанып, ойноону улантуу үчүн келдим “, — деди Роналду журналисттерге.