Илон Маск Лос-Анжелес боюнча кайра Трампты колдоду

Илон Маск Лос-Анжелес боюнча кайра Трампты колдоду

АКШда 6-июнда Лос-Анжелесте иммиграция мыйзамдарын аткаруу операциясынан кийин башталган нааразылык акциялар күчөп, көчөлөр тосулуп, полиция менен кагылышуулар болду. Мындан улам президент Дональд Трамп Улуттук гвардияны шаарга киргизүүнү буйруду.
Илон Маск буга карата Трампты колдоп, социалдык тармакта бир нече постторду бөлүштү. Ал нааразылыктарды “кадимки көрүнүш эмес” деп сыпаттап, губернатор менен мэрди сынга алган Трамптын билдирүүлөрүн да жарыялады. Маск буга чейин Трамп менен кайым айтышса да, бул жолу анын чечимин туура деп эсептеди.