Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендигин жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, экс-депутат бүгүн,9-июнда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган.
Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.