Былтыр Кыргызстанда 140 миңден ашуун бала төрөлгөн

Былтыр Кыргызстанда 140 миңден ашуун бала төрөлгөн

2024-жылы Кыргызстанда 140 миңден ашуун бала төрөлгөн, алардын 73 миңи уул, 67 миңи кыз бала. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы балдардын саны дээрлик 3 миллионго жакын, алардын көбүн эркек балдар түзөт, былтыр төрөлгөндөрдүн көбү да эркектер.

Быйылкы жылдын башындагы эсепте балдардын жалпы саны 2 миллион 715 миңди түзгөн, алардын 51,4% эркек балдар. Былтыркы жылдын башындагы эсепке салыштырганда балдардын жалпы саны быйыл январь айына карата 23 миңге көп болгон.

Жети жашка чейинки курактагылар 39%, 7-14 жаштагылар 46%, 15-17 жаштагылар 15%. Балдардын көбү (63,6%) айыл жергесинде жашайт.