Түндүк Кореянын лидери  Россияны  колдоорун айтты

Түндүк Кореянын лидери  Россияны  колдоорун айтты

КЭДРдин башчысы Ким Чен Ын Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугушту. Анда  эл аралык маселелерде, анын ичинде Украинадагы кырдаалда, Россияны колдоого даяр экенин билдирди. Ал Россия өлкөнүн “эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун” коргоодо ийгиликтерге жетишет деген ишенимин айтты.
Ким Чен Ын менен Шойгу эл аралык кырдаалды жана Украинадагы абалды талкуулашты.
Россиянын  Коопсуздук кеңешинин катчысы Түндүк Кореянын лидерине россиялык жетекчиликтин Курск облусу үчүн болгон салгылаштарга корей элинин өкүлдөрүнүн катышканы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.