Тынч океанынын борбордук бөлүгүндө Morning Midas аттуу жүк ташуучу кеме күйүп кетти. Бул кеме Мексикага болжол менен 3 миң унааны, анын ичинде 800гө жакын электромобилди ташып бараткан.
Бул тууралуу АКШнын жээк күзөт кызматына таянып, Bloomberg агенттиги билдирди. Окуя Аляскадагы Адак аралынан 480 чакырым түштүк тарапта болгон.
Zodiac Maritime компаниясы билдиргендей, түтүн кеменин бир палубасынан чыккан. “Экипаж өрттү өчүрүүгө аракет кылган, бирок, кырдаалды көзөмөлгө алуу мүмкүн болгон эмес”,-деп айтылат билдирүүдө.
АКШнын жээк күзөт кызматы кеме экипажындагы 22 деңизчини жакын жерден өтүп бараткан соода кемесине эвакуациялаган. Компания жүктүн ээлери тууралуу маалымат берген жок.
Morning Midas кемеси 46,8 миң тонна жүк көтөрө алат. Ал 2006-жылы Кытайдагы Xiamen Shipbuilding ишканасы тарабынан курулган. Кеме 26-майда Яньтай портунан чыгып, андан мурда Наньша жана Шанхай портторуна токтогон.
