Россиянын президенти Владимир Путин Украина менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү эмнеге жүргүзүү керектигин түшүнбөй турганын билдирди. Бул тууралуу ал Украина менен чектешкен Брянск жана Курск облустарындагы көпүрөлөр жардырылгандан кийин айтты.
«Ок атышуу 30 же болбосо 60 күнгө токтотулсун деп суранып жатышат. Жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрөлү дешет. Бирок мындай шарттарда кандай жолугушууларды өткөрүүгө болот? Эмне тууралуу сүйлөшмөкчүбүз? Террорго үмүт кылгандар, террористтер менен ким сүйлөшөт?»,-деди ал өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында.
Көпүрөлөр 1-июнга караган түнү жардырылган. Курск облусунда көпүрөнүн кыйрашынын айынан жүк поезди рельстен чыгып кеткен, эки киши жабыркаган. Брянск облусунда болсо автомобиль көпүрөсүнүн бөлүктөрү жүргүнчү поездин үстүнө кулап түшкөн. Бул жерде 100дөн ашуун киши жаракат алган.
«Брянск жана Курск облустарындагы темир жолдордун жакында жардырылышы — бул, албетте, террордук акт. Мындай кылмыштардын чечими Украинада саясий деңгээлде кабыл алынганы анык. Брянск облусунда болгон окуя — бул жарандык адамдарга багытталган атайын сокку. Ал эми эл аралык нормаларга ылайык, мындай аракеттер терроризм деп аталат»,-деди Путин.
Анын айтымында, Украина фронтто жоготууларга учурап жаткандан улам, террордук актылар аркылуу Россияны коркутууга аракет кылууда.
Россия президентинин пикиринде, ок атышууну токтотуу Киев үчүн «батыш куралы менен режимди күчтөндүрүү, зордоп мобилизацияны улантуу жана Брянск менен Курск облустарындагыдай жаңы террордук актыларды даярдоо» үчүн колдонулат.
