Жакынкы күндөрү көлөмү 50 кубка чейинки мопед жана мото-скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Мындан тышкары алар каттоого алынып, мамлекеттик номур тагылып, мото-скутер айдоочуларынын жоопкерчилиги күчөтүлөт.
Учурда бул багытта тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, башка мамлекеттик кызматтар менен макулдашуу стадиясында турат.