Лионель Месси “Интер Майами” клубунан кетеби?

Лионель Месси “Интер Майами” клубунан кетеби?

“Алтын топтун” сегиз жолку жеңүүчүсү Лионель Месси “Интер Майамиден” кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Журналист Флавио Аззаронун айтымында, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Аргентина чемпионатынан “Ньюэллс Олд Бойзго” өтүүнү чечкендигин айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, трансфер 2025-жылдын декабрь айында ишке ашат. Буга чейин Месси карьерасын футбол ойноп баштаган клубунда бүтүргүсү келерин билдирген.

Эске салсак, Лионель Месси 2023-жылдын жайынан бери Интер Майаминин туусун коргоп келет. Бул сезондо футболчу MLS 13 матчында 10 гол киргизип, 5 пас берген.