Берлинде Түрксойдун конференциясы аяктады

Берлинде Түрксойдун конференциясы аяктады

2025-жылдын 3-июнунда Берлин шаарында «Түрк элдеринин дүйнөлүк илим менен маданиятка кошкон салымы» аттуу Конференция болуп өттү.

Ачылыш аземинде ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Берлиндеги түрк мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери сөз сүйлөштү.

Конференциянын илимий бөлүгүндө айтматов таануучу, немис жазуучусу Ирмтрауд Гучке белгилүү сөз алып, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун түрк маданиятын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга жана сактоого кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин мурунку Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору Абдыганы Эркебаев жана «Манас» улуттук академиясынын президенти Биймырза уулу Азиз өз баяндамачылык докладдары менен чыгып, түрк элдеринин дүйнөлүк илим менен маданиятка кошкон салымын, анын ичинде кыргыз адабиятынын жана фольклорунун уникалдуу жетишкендиктерин чагылдырды.

Бул иш-чара түрк мамлекеттеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана кызматташууну чыңдоого, ошондой эле алардын бай жана жалпы маданий мурасын Германияда жайылтууга багытталган.

Конференциянын алкагында түрк элдеринин салттуу өнөрчүлүгүн чагылдырган улуттук буюмдардын көргөзмө-булуңдары уюштурулду.

Иш-чара түрк мамлекеттеринин маданият ишмерлеринин катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Өзгөчө «Акак» ансамблинин чыгышы жана Биймырза уулу Азиздин аткаруусундагы «Манас» эпосунун үзүндүлөрү көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды.

Өмүрбек Текебаев