76 салык кызматкерине айып салынды

76 салык кызматкерине айып салынды

Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлоруна айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, тершерүү учурунда салык инспекторлору кардарларга ККМ чекке байланыштуу 322 ишкерге 5 миңден 13 миң сомго чейин айып салышканы аныкталган. Бирок Укук бузуулар кодексинин 318-беренесинин 4-бөлүмүн (кардарга ККМ чекти бербөө, өткөрбөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн ККМ чек берүү) бузгандарга жаза катары эскертүү гана берилери көрсөтүлгөнүн.

Жыйынтыгында Башкы прокуратура 76 инспекторго 10 миң сомдон, жалпы 760 миң сом айып салган.