Эртең, 5-июнда Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановдун 80 жаш мааракесине арналган салтанаттуу иш- чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 11:00 дө өтөт.
Анатай Өмүрканов 1945-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган.
Ага 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы, 2016-жылы III даражадагы Манас ордени ыйгарылган.