Экс-депутат камакка алынды

Экс-депутат камакка алынды

УКМК мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы делген Алиярбек Абжалиевди кармады. Ал кайрадан жемкордукка шектелүүдө.

Аны Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы бир ишкер Алиярбек Абжалиевдин алдамчылык аракеттерине байланыштуу 2 млн доллар зыян тартканын айтып УКМКга кайрылган. Атайын кызмат аны камакка алгандан кийин көп өтпөй жабырлануучуга 1 млн 200 миң доллар төлөп берген. Ошондон кийин камактан бошогон.