Төрага ИИМ менен калаа башчысына кайрылды

Төрага ИИМ менен калаа башчысына кайрылды

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылып, скутерлер менен мопеттер боюнча чукул иш алып барууну тапшырды. Бул тууралуу төрага бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

“Жолдордо авариялык абал жаратып, адам өлүмүнө чейин алып барышууда. Болгондо да, жалаң жаш балдар, өспүрүмдөр экен. Номерлери жок, тийиштүү документтери жок, үндөрүн жогорулатып алышып, шаардыктардын түн уйкусун бузуп жатышат. Буларды тез арада иретке келтириш керек”,- деди төрага.

Ал айдоочулардын даттануусун да айтып, “байкабай, жол эрежелерин да сакташпай, кычык жолдордон чыга калып жатышат. Бир нерсе болсо, айдоочулар күнөөлүү болушууда, тезинен колго алыңыздар”,- деди Нурлан Тургунбек уулу.