Президенттик шайлоодо оппозициячы жеңишке жетти

Президенттик шайлоодо оппозициячы жеңишке жетти

Түштүк Кореяда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициялык либералдык “Тобуро” Демократиялык партиясынан талапкер Ли Чжэ Мён жеңишке жетти.
Улуттук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бюллетендердин 96,74 пайызы саналгандан кийин Ли Чжэ Мён үчүн шайлоочулардын 49,2 пайызы добуш берген.
Анын негизги атаандашы, консервативдүү “Элдин күчү” партиясынан чыккан Ким Мун Су 41,4 пайыз добуш алып, жеңилгенин мойнуна алды.
Улуттук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий түрдө тастыктагандан кийин, Ли Чжэ Мён президенттик кызматка киришет.