Кыргызстанда Курман айт намазы мечиттерде окулат (программасы)

Кыргызстанда Курман айт намазы мечиттерде окулат (программасы)

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт намазы мечиттерде гана окуларын билдирди. Бул ирет мусулмандар майрамы 6-июнга туш келди.

Айт намаздын программасы:

▪ 7:00 – 7:20 — Курман айттык баяндар

▪ 7:20 – 7:30 — Айт намазын окуу тартибин түшүндүрүү

▪ 7:30 — Курман айт намазы

Эске салсак, Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.