Крым көпүрөсүнүн таянычтары жардырылганы айтылды

Крым көпүрөсүнүн таянычтары жардырылганы айтылды

Украинанын Коопсуздук кызматы  Крым көпүрөсүнүн түркүктөрүнө жардыргыч заттар коюлуп, алардын бири шейшемби күнү эртең менен жардырылганын билдирди. Крым көпүрөсүндөгү кырдаал боюнча оперативдүү маалымат берип турган телеграм-каналда эртең менен көпүрөдө кыймыл токтотулганы айтылган. Россиялык бийлик бул окуя боюнча азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Күндүз Украинанын коопсуздук кызматы атайын операциянын алкагында Крым көпүрөсүнүн түркүктөрү мина менен жабдылганын жарыя кылды. Бул операция бир нече айга созулган.
«Бүгүн, жарандар арасында эч кандай жапа чеккендер болбостон, таңкы саат 4:44тө биринчи жардыруу ишке ашты»,-деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин башчысы Василий Малюк «Буга чейин биз Крым көпүрөсүн 2022 жана 2023-жылдары эки жолу соккуга алдык. Бүгүн бул салтты суу астында уланттык»,-деп кошумчалады ал. Малюктун айтымында, Россиялык аскерлер Крым көпүрөсүн өз күчтөрүн жабдуу үчүн «логистикалык артерия» катары колдонушат.

СБУнун маалыматына караганда, көпүрөнүн суу алдындагы түркүктөрү катуу жабыркаган. Анда 1100 кг тротил эквивалентиндеги жардыргыч зат жардырылган. Көпүрө авариялык абалда экенин украиналык атайын кызмат билдирүүдө. Бирок бул маалыматты азырынча көз карандысыз булактар  тастыктай  элек.