Илон Маск БУУнун каржылоону токтотууга чакырды

Илон Маск БУУнун каржылоону токтотууга чакырды

Миллиардер Илон Маск БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриштин санарип платформалар колдонуучуларды адаштырууда  деген билдирүүсүнөн кийин, уюмду каржылоону токтотууга чакырды.
«БУУнун каржылоосун токтоткула»,-деп жазды Маск X  баракчасына. Бул билдирүү менен ал башка бир колдонуучу жарыялаган видеого жооп кайтарды. Ал видеодо БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин сөзү келтирилген.
Видеодо Гутерриш маалымат жыйынында сүйлөп жатып, санариптик платформалар көп учурда жалган маалымат таратуу жана эл арасында кастыкты козутуу үчүн абийирсиз колдонуучулар тарабынан колдонуларын айткан. Ошондуктан ал БУУ мындай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн кандайдыр бир чара көрүшү керек деп эсептейт.