Депутаттарга каникулга чейин чет элдик иш сапарларга чыгууга тыюу салынды

Депутаттарга каникулга чейин чет элдик иш сапарларга чыгууга тыюу салынды

Жогорку Кеңештин депутаттарына жакынкы 20 күн аралыгында  чет элдик жана ички иш сапарларга чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда парламенттин жалпы жыйында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш 6 отурумдан кийин 2 айлык каникулга чыгат.Бир ай эмгек өргүү, бир ай шайлоочулар менен жолугушуу болот.

«Урматтуу депутаттар, өзгөчө фракция лидерлери, депутаттык топтор, комитет төрагалары чет элдик жана ички иш сапарларды токтото тургула. Эч кимге уруксат берилбейт.», -деди төрага

Эске салсак, парламенттин жыйыны 26-июнда аяктайт.