Палестинанын Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Рияд Мансур Палестинадагы абалды айтып жатып, көзүнө жаш алды. Ал Газа тилкесиндеги апаат боюнча жасаган кайрылуусунда согушта наристелердин жаны кыйылып жатканын билдирди.
“Балдарынын жансыз денесин кучактаган энелер аларды аман алып калалбагандары үчүн кечирим сурап жатышат. Бул адам чыдагыс нерсе. Мындай кордукка ким чыдай алат”,- деп жашыды Рияд Мансур.