Балдар аянтчалары жок же, эскилиги жеткен

Балдар аянтчалары жок же, эскилиги жеткен

Борбор калаада балдар аянтчаларынын жоктугу же, эскилиги жеткени тууралуу депутат Дастан Бекешов парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Мына, Ош мэриясы балдар аянтчаларын куруп баштады. Бишкек мэриясы тилекке каршы, бирөөлөрдүн каашаларын сүрдүрүү менен алек болуп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдардын аянтчалары эскилиги жеткен. Калаа башчысы ушул боюнча иш алып барса, жакшы болмок”,- деди депутат.