Айт, арапа күндөрү жол кире акысын көтөрүүгө жол берилбейт

Айт, арапа күндөрү жол кире акысын көтөрүүгө жол берилбейт

 Айт, арапа күндөрү жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ЖКККББнын кызматкерлери Бишкектин авто бекеттеринде башка аймактарга каттаган маршруттук жана жеке таксилердин айдоочуларына текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле айт арапа күндөрү көпчүлүк жарандар айыл жергесине барышкандыктан, учурдан пайдаланып, жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алууга аракет кылган айрым такси айдоочулары да болушу мүмкүн. Мындан улам, жол тескөөчүлөрү айдоочуларга түшүндүрүү, эскертүү иштерин улантышууда.

“Азыркы учурда ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан автобекеттер көзөмөлгө алынып, эч кандай бааны өз алдынча көтөрүп алуу фактылары жок экендигин расмий маалымдайбыз”,-деп айтылат маалыматта.