Кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүнүн натыйжасында өлкө казынасына 200 млрд сомдон көп каражат түшкөн. 1100дөн ашуун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров билдирди.
31-майда өлкөбүздө маанилүү иш чара болуп өттү. УКМК 42 жылдан кийин эски имаратын жаап, жаңы, заманбап имаратка көчтү.
Президент салтанаттуу ачылышта сөз сүйлөп жатып, УКМКнын ийгилигин белгилөө менен
“Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн алкагында катаал мезгилдерди баштан өткөрүп жатышат. Бирок, ага карабай, берген анттарынын негизинде
милдеттерине берилүү менен иштеп жатышат. Алардын тайманбас аракеттери менен коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка катуу сокку урулду. Мындан улам өлкө бюджетине 200 млрд сомдон көп каражат кайтарылды. Мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашуун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекетке өткөрүлдү”,- деди президент.