Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер өкмөтүнүн Стратегиялык коргонуу кароосун тааныштыруу учурунда өлкө согушка даярдык режимине өтүп жатканын билдирди.
Бул кадам жаңы коргонуу стратегиясынын алкагында ишке ашат.
Ал алты жаңы ок-дарылар заводун куруу, он экиге чейин жаңы сокку уруучу суу астындагы кайык, ошондой эле Улуу Британиянын ичинде алыска атылуучу жаңы куралдарды өндүрүү жана абадан коргонуу менен ракетадан коргонуу тармагына инвестиция салуу тууралуу жарыялады.
Стармер ар бир 18 айда жаңы суу түбүндө жүрүүчү кайык курууну убада кылууда.
Мындан тышкары, Улуу Британия өзүнүн өзөктүк курал мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн 15 миллиард фунт стерлинг инвестиция салат.
Стармер бул жаңычылдыктарды ишке ашыруу процессинде бүткүл Улуу Британия боюнча жумуш орундарын түзүп, экономикалык өсүштү камсыздай турганын убада кылды.
“Коомдун ар бир бөлүгү, өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн ролун ойношу керек. Анткени азыркы кырдаал өзгөргөнүн моюнга алышыбыз керек”,-деди британ премьери.
