Түштүк Кореяда бүгүн, 3-июнда мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө жарандары аскердик абал киргизүүгө аракет кылган Юн Сок Ёлдун ордуна жаңы мамлекет башчысын тандап жатышат.
Президенттикке башкы талапкерлер экөө. Демократиялык партиядан талапкер, жакында эле бул партияны жетектеген Ли Чжэ Мён жана кызматынан алынган президенттин консервативдүү «Жарандык күч» партиясынан талапкер Ким Мун Су.
Сурамжылоолорго караганда, фаворит Ли. Ал шайлоо алдындагы акыркы сурамжылоолордо Кимден 10–14 пайыз алдыга чыгып, шайлоочулардын жарымы колдогон.
Шайлоо бир эле тур менен өтөт. Көпчүлүк добуш алган талапкер дароо президент болуп, аткаруу бийлигинин башына келет.
Ли менен Кимден тышкары дагы үч киши президенттикке талапкерлигин койгон. Сурамжылоолорго ылайык, алардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү жок.
